Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:30

Иранда 60 жүргүнчү бараткан учак кулады


Ирандаг АТР-72 учагы. Архивдик сүрөт.

Иранда бортунда 60 жүргүнчү бараткан ATR 72 үлгүсүндөгү учак кулап түштү. Бул тууралуу өлкөнүн бир катар маалымат агенттиктери жазды.

Жүргүнчүлөрдөн сырткары учакта экипаждын алты мүчөсү да бараткан.

Учак Исфахан провинциясындагы Семир шаарына жакын аймакта кырсыкка кабылганы айтылууда. Учак Тегерандан Ясудж шаарына учуп бараткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча учак Aseman Airlines авиакомпаниясына таандык болгон. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG