Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Ирандын тышкы иштер министри Мюнхенде сүйлөйт


Мохаммад Жавад Зариф.
Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча конференциянын жыйынтыктоочу күнүндө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхудан кийин сөз алат.

17-февралда АКШ, Британия жана Франциянын өкүлдөрү Иран өзөктүк куралды Йемендеги “Хази” согушкерлеринен сактай албады деп айыптап, бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкуулоону сунуштаган. Жавад Зариф дал ушул айыптоолорго жооп кайтарат деп күтүлүүдө.

Аталган үч өлкө Коопсуздук кеңешинде Тегеран өзөктүк куралдануу эрежелерин бузгандыктан жаңы санкцияларды киргизүү талабын да коймокчу.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мак Мастер конференцияда Иран бийлиги Сирия, Йемен жана Ирак сыяктуу өлкөлөргө кыйратуучу куралдарын берип жатканын айтып, "Иранга каршы турууга учур жеткенин" билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG