Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Флоридада куралга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылган митинг өттү


Паркленд шаарчасы
Паркленд шаарчасы

АКШнын Флорида штатындагы Лодердейл шаарында миңдеген адамдар, студенттер жана окуучулар куралга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылган митингге чыгышты. Штаттын Паркленд шаарчасындагы мектепке куралдуу кол салуудан каза болгон 17 кишинин жакындары да акцияга кошулушту.

Федералдык соттун имаратынын алдында мектептеги кандуу окуяга күбө болгон окуучулар да курал боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышты. Митингге чыккандар “Уят!” деп кыйкырып турушту.

14-февралда АКШнын Флорида штатындагы мектепке куралчан киши кирип барып, 17 адамды атып өлтүргөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары элүүдөн ашуун адам жарадар болгонун билдирип жатышат. Ошол эле күнү ок атууга шектүү катары 19 жаштагы Николас Круз кармалган. Ал Флорида "ак түстүүлөрдүн штаты" болушун жактаган "Флорида республикасы" деген уюмдун мүчөсү экени аныкталган. Круз куралды мыйзамдуу жол менен сатып алганы белгилүү болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG