Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:52

Евгений Тимофеев Олимп оюндарында 63-орунду алды


Кыргызстандыктар Түштүк Кореядагы Олимп оюндарынын ачылышында. Пхёнчхаң. 9-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандык тоо лыжачы Евгений Тимофеев Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимп оюндарында 63-орунду ээледи.

18-февралда ал гиганттык слалом боюнча 109 спортчунун арасында таймашты. Биринчи аракетте марага 1 мүнөт 20.90 секундда келип, 72-орунга чыккан. Экинчи аракетте 1 мүнөт 20.13 секундда марага жетип, 63-катарга жайгашты. Тимофеев 22-февралда слалом боюнча жарышка чыгат.

Кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан эки спортчу барган. 13-февралда лыжачы Тариэл Жаркымбаев классикалык стилде 1.4 чакырымга спринтердик жарышта 78-орунду ээлеген. (ECh)

XS
SM
MD
LG