Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:04

Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык жыйын аяктады 


Биньямин Нетаньяху Мүнхенде.18-февраль, 2018-жыл.

Германиянын Мүнхен шаарында өткөн коопсуздук боюнча эл аралык жыйындын 18-февралдагы акыркы күнү толугу менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналды.

Америкалык сенаторлор жаңы администрациянын келиши менен трансатлантикалык кызматташтыктын негиздери өзгөрүүсүз калганына европалыктарды ишендирүүгө аракеттеништи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ирандык дрондун калдыктарын алып келип көрсөттү. Ал дрон айдын башында Сириянын аймагынан кое берилип, Израил тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтты.

"Немис толкуну" медиасы Нетаньяхунун сөзүнөн улам "жаңы согуш жакындап келаткандай таасир калтырды" деп кабарлады. Израилдин өкмөт башчысы "Сирияны аянтча катары пайдаланып, Жакынкы Чыгыштагы абалды өзгөртүүгө умтулуп жатат" деп Иранды айыптады жана өз өлкөсү күч менен жооп кайтарууга даяр экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG