Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы боюнча ал мүчө болгон “Кыргызстан” фракциясы билдирүү таратты. Анда депутаттын коңшу өлкөдө кармалышы фракция үчүн күтүүсүз болгону белгиленген.
Фракция чукул жыйын өткөрүп, бул маселе боюнча Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштеп жатканы маалымдалган.
“Колдо болгон маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетенттүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз”, деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле “Кыргызстан” фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун депутат эле эмес экенине, Кыргызстан менен Казакстандын спортуна салым кошконуна көңүл бурган.
Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда кармалганы белгилүү болгон. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап, Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.
Маалыматка караганда, депутат жана Кыргызстандын дагы үч жараны коңшу өлкөдө жүргүзүлгөн аткезчилик боюнча ири операциянын жүрүшүндө кармалган 29 адамдын ичинде болгон. (BkA)