Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Евробиримдиктин атайын өкүлү Кыргызстанга келди


Петер Буриан.
Петер Буриан.

Европа Биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө Буриан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган өлкө жетекчилери менен жолугат. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү менен өлкөдөгү абал тууралуу баарлашат.

Былтыр Евробиримдиктин кеңеши Кыргызстан менен жаңы келишим түзүү боюнча чечим кабыл алган. Жаңы келишим тараптар ортосундагы 1995-жылы кабыл алынган кызматташтык боюнча келишимдин ордуна түзүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG