Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Дагестандагы кол салууга "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды


Чабуулда жарадар болгон адам.
Чабуулда жарадар болгон адам.

Дагестандагы кол салуу үчүн өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ жоопкерчилик алды. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жихадчыларга тийиштүү сайтка таянып жазды.

Мурдараак орусиялык басылмалар Кизляр шаарындагы православ чиркөөсүнө кол салуу боюнча шектүүнүн атын жарыялаган. Баштапкы маалыматтарга караганда, 22 жаштагы Халил Халилов буга чейин эле радикал топтун жергиликтүү бутактары менен байланышта болгон.

Жекшембиде православдардын майрамы белгиленип жатканда Кизлярдагы чиркөөгө чабуул коюлуп, беш киши өлгөн. Алардын баары аялдар. Төрт киши жарадар болгон.

Кылмышка шектүүнү Улуттук гвардиянын аскерлери атып өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG