Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Иран: Кулаган учактын калдыктары табылганы кабарланууда


Учакты издеп жүргөн куткаруучулар. 19-февраль, 2018-жыл. "Тасним" агенттиги тарткан сүрөт.
Учакты издеп жүргөн куткаруучулар. 19-февраль, 2018-жыл. "Тасним" агенттиги тарткан сүрөт.

Ирандын тоолоруна кулаган учактын калдыктары табылганын Кохгилуйе жана Бойерахмед провинциясынын губернаторунун орун басары билдирди.

Маалыматка караганда, учак өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Исфахан провинциясынын Денгезлу айылына жакын жерге кулаган.

Жергиликтүү "Асеман" компаниясына таандык ATR-72​ учагы ишембиде кырсыктаган. Бортундагы 65 кишинин баары өлгөнү кабарланган. Бирок аларды эч ким өз көзү менен көрбөгөндүктөн бул маалымат так эмес.

Рейс Тегерандан Ясуж шаарына бараткан. Кырсыктын себеби белгисиз.

Куткаруучулар аймакка бүгүн эртеңменен араң жөө жетишкен. Аба ырайынын катаалдыгынан, катуу бороондон улам тик учак жана башка техника бара элек.

XS
SM
MD
LG