Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Президент милицияны коррупциядан тазалоону тапшырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловго милицияны мыйзамсыз иштерге аралашкан кызматкерлерден тазалоону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы министрди кабыл алганда сөз болгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга катышкан кызматкерлерден ички иштер органдарын тазалоону күчөтүү милдетин койгон.

«Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат”-деген президент “погончон кубулмалардан” арылууну жана кылмыштуулукка каршы иштерди жандандырууну тапшырган.

Буга чейин президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү ички иштер органдарынын ишин сынга алган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG