Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Бекматов: Депутат Салянова боюнча сот чечими БШКга келди


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими келип түштү. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бул чечимдин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүүлөр жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен депутатты мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Бекматов бул жараян жакынкы жумаларда ишке ашышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

БШК Аида Салянованы мандаттан ажыратса, анын ордуна “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болуп келет. Учурда “Ата Мекендин” тизмесинде Гүлнара-Клара Самат турат. Ал - 2007-жылы БШКнын төрагасы болуп эмгектенген, кийин ысымын өзгөрткөн Клара Кабилова. (BkA)

XS
SM
MD
LG