Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:07

Кремл жаңы кызытма маселесине пикирин билдирбейт


Александр Крушельницкий өнөктөшү жана жубайы Анастасия Брызгалова менен.

Кремл орусиялык спортчунун допинг боюнча шектелип жатканына байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. “Биз баарын расмий билдирүүнү күтүүгө чакырабыз”, деди президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ошол эле учурда Орусиянын Керлинг федерациясынын президенти Дмитрий Свищев жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде сөз болуп жаткан шектенүүнү “чагым жана үзгүлтүккө учуратуучу акт” деп баалады. Ал кызытмага байланыштуу шек саналып жаткан Александр Крушельницкий 2015-жылдан бери 11 сыйра тест тапшырып, баарынан таза чыгып келгенин белгиледи.

Крушельницкий спорттук өнөктөшү жана жубайы Анастасия Брызгалова экөө Пхёнчхаң оюндарында 13-февралда керлингден коло медалга ээ болгон.

18-февралда ал кызытма боюнча шек саналып жатканы тууралуу кабар тарап, 19-февралда Эл аралык Олимпиада комитети муну ырастаган. Анын канынан тыюу салынган мельдоний табылганы кабарланууда.

Буга чейин кызытма чырынан улам Орусиянын курама командасы Пхёнчхаң оюндарынан четтетилген. Бейтарап желек алдында 169 спортчуга гана катышууга уруксат берилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG