Өзүн "Ислам мамлекети" атаган топ Ирак өкмөтүнүн мобилизациялык кошуунундагы 27 кишини өлтүргөнүн жергиликтүү аткаминерлер 19-февралда билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя борбор калаадан 300 чакырым түндүктөгү Хавижа районунда, кошуундар түнкү рейдде жүргөн учурда жүз берген.
Кол салгандар аскердик форма кийип, көзөмөл-өткөрүү бекетинин кызматкери сыяктанып көрүнгөн. Кошуун жакындаганда ок атылып, атышуу эки саатка созулган. Жоочулардын айрымдары өлтүрүлүп, калганы аймактан чегинген.
"Ислам мамлекети" тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын ага жакын Amaq агенттиги жарыялады.
Өкмөттүк күчтөр үч жылдык согуштан кийин өткөн жылдын декабрында аталган топту Ирактын аймагында талкалап, толук жеңишке жеткенин билдирген. Андан бери деле жоочулар кыянатчылыгын токтоткон жок. Өткөн айда Багдадда жардыруу уюштуруп, андан кеминде 38 киши өлгөн.