Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 08:12

Сотто Шыкмаматовго сөз берилет


Алмамбет Шыкмаматов камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясында сөз сүйлөп жатат. Бишкек. Март, 2017-жыл.

Бишкек шаардык соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу депутат "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, өткөн аптадагы жараяндарда күбөлөр суралып бүттү.

Бүгүн сотто Шыкмаматов сөз алат. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG