Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Шыкмаматовдун иши сот чындыгына собол таштады


Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат. Эл өкүлү соттордун акыйкаттуулугунан күмөн санап турат. Ал ортодо парламент трибунасында бийликчил депутаттын сотторго сын айтышы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

“Өлкөдө көз каранды эмес сот системасы талкаланганын жон терим менен сезип атам” деген депутат Алмамбет Шыкмаматов соттордун калыс чечим чыгарышына ишенбей калганын айтты.

- Биз "эки жерде эки - төрт" дегенди далилдей албай жатабыз. Мен тендерге катышпасам, комиссиянын алты кишиси ошол компанияны утту деп тапкан. Анан булар "тендерди ушул уюштурган" деп мени беш миллион сомго жыгып койгону сот адилеттүүлүгүбү?

Буга чейин Шыкмаматовду Биринчи Май райондук соту 19-декабрда эркиндикте калтыруу менен 5 млн. сом айыппулга жыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган.

24-январда Жогорку Кеңеште бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков соттор акыйкаттыктан оолактап баратканын айтып, анын далили катары Алмамбет Шыкмаматовдун ишин мисалга тартты.

- Кезинде Аскар Акаев “сотторго 80 пайыз эл ишенбейт экен" деп чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы - соттордун чечимдерине нааразылык билдиргендер. Бул чындык. Эми 10 миллион жеген аткаминерге бир жарым миллион айыппул салынып, эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион айыппул салынып жатса, каяктагы адилеттикти айтабыз? - деди Момбеков парламентте Сотторду тандоо кеңешинин талапкерлерин тандоо учурунда. Ал Сотторду тандоо кеңешине мурда сот болуп иштегендерди алууга каршылыгын билдирди.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Сотторду соттор соттобойт, кордобойт, сорттобойт. Сотторду тандоо кеңеши "сотторду камдоо кеңешине" айланып калган. Жогорку сот деген "жомокчу сотко" айланып калганы да чындык. Ошолорду тартипке сала турган комиссияга соттордун өздөрү барганы кызык. Бул деген тоок фермасына түлкүнү жетекчи кылып, карышкырды койчуман кылганга барабар.

Депутаттын сотторго карата ачуу сыны социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Интернетте ондогон адамдар сот чечимдерине байланышкан өз окуяларынан бөлүшүп, Кыргызстандагы сот системасына нааразы пикирлерин жарыялап жатышат.

- Мен 99% соттор мыйзам чегинде чечим чыгарат дегенге ишенбей калдым. Сегиз жылдан бери сотто жүрөм. Азыр Жогорку сотко келдим. Райондук сот беш милицияны күнөөлүү деп таап, бирок "иштин мөөнөтү өтүп кетти" деп жазага тарткан эмес. Шаардык сот экөөнү актап жиберген, - дейт сегиз жылдан бери акыйкаттык издеп соттук териштирүүлөрдөн тажаган Нарынбек Темирбеков. Ал "инимди милиция кызматкерлери кыйнаган" деп арызданып, соттон чындык издеп жүрөт.

2010-жылкы апрель окуясынан кийин бийлик сотторду реформалоого бел байлаган. Анын негизинде Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, ал орган судья болгусу келгендерди үч баскыч менен тандап, мыктыларын дайындаш үчүн президентке сунуш кылат. Ошол кездеги Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп турган Шамарал Майчиев соттук чечимге дайыма бир тарап нааразы болорун белгилеп, алардын ишин баалаш үчүн терең талдоо зарыл экенин айтты.

Шамарал Майчиев.
Шамарал Майчиев.

- Каралган алтымыш миң иште алтымыш иш туура эмес болушу мүмкүн. Ошол алтымыш иш менен системаны жаман деп айтууга болбойт. Анын үстүнө көңүл буруу деңгээлине жараша. Туура эмес иштер элге тез тарап кетет. Эң чуулгандуу же саясий иштер менен система бааланып калып жатат. Ал эми алтымыш миң деген жакшы эле сумма.

Анткен менен "сот системасынын ишке ашпай жатканына байланыштуу маселени кээ бир бийликчил сасатчылардын көтөрүп жатышы - маселени жашыруу мүмкүн болбой калганынан кабар берет" дешет айрым эксперттер.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн соттордун чечимине нааразы болгон эки карыянын окуясын "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, коомчулукту үн кошууга чакырды. Карасартованын пикиринде, сот реформасынын жыйынтыгы карапайым элге сезилген жок.

- "Бул, тигил жасалып жатат" деп айтып эле атышат. Бирок анын карапайым элге пайдасы тийбей жатпайбы! Бир эле мисал: sot.kg деген портал ачылган, ал жерге "чечимдер илинсин" дегем мыйзам бар. Бизге бир кардар кайрылды, ага чыгарган чечимди илбей жатышыптыр. Үч жолу кат менен кайрылган экен. Соттор ал жакка неге илбейт? Анткени мындай чечимдерди эл окуй баштаса төбө чачы тик турат.

Реформанын алкагында ушул кезге чейин 447 судьядан турган соттор корпусунун көпчүлүк бөлүгү жаңыртылып бүтүп калды. 2014-жылдан бери пара талап кылуу жана соттун жүрүм-турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 30дай судьяга кылмыш иши ачылган.

Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG