Линктер

шейшемби, 14-август, 2018 Бишкек убактысы 15:24

Бишкектеги №1 шаардык оорукананын имараты жаңыртылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте №1 шаардык оорукананын имараты жаңыртылат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр Саламаттык сактоо министрлигинде австриялык "Vamed Group" компаниясынын катышуусунда өттү.

Министрликтин эл аралык кызматташтык уюмунун маалыматында, бул ишкана ар кайсы өлкөлөрдө мамлекеттик ооруканаларды салуу жагынан тажрыйбасы бар. Ал 18 жылдан бери Түркмөнстанда, Казакстанда ири долбоорлор менен иштеген.

450 орундук оорукананын имаратын жаңыртуу ишин австриялык делегация клиниканын башкы дарыгери менен чогуу талкуулашты.

№1 оорукананын имараты - Бишкектеги эң эски курулуштардын бири. (BCh)

XS
SM
MD
LG