Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Македония Греция менен талашын жакын арада чечүүгө үмүттөнөт


Македония.
Македония.

Македония Греция менен узак жылдардан бери созулуп келаткан талашты ушул жайда өтчү НАТОнун саммитине чейин чечүүгө үмүттөнөт.

Афины мурдагы Югославиянын курамындагы жумурияттын аталышына каршы болуп келген. Анткени Грециянын түндүгүндө да ушундай эле аталыштагы аймак бар. Греция бул келечекте ар кандай жер талашка алып келиши мүмкүн деп чочулайт.

Македониянын премьер-министри Зоран Заев сүйлөшүүлөр ушул жайга чейин ийгиликтүү аяктайт деп ишенерин 19-февралда билдирди. Бул араздашуу Македониянын НАТО жана Еврошаркетке кирүү аракеттерине кедергесин тийгизип келди.

Греция эки блоктун тең мүчөсү. Эки коңшулаш өлкө Македония эгемендикке ээ болгон 1991-жылдан бери жүргүзүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Македония Улуттар Уюмуна 1993-жылы "Югославиянын мурдагы жумурияты Македония" деген аталыш менен кабыл алынган. Эки өлкө маселени жөнгө салуу багытында жакында кадам жасашты. Айдын башында тышкы иштер министрлери БУУнун атайын чабарманы Мэтью Нимец менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG