Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Швецияда теракт үчүн айыпталып жаткан Акиловго бүгүн сөз берилет


Рахмат Акилов кармалган учур. 7-апрель, 2017-жыл.
Рахмат Акилов кармалган учур. 7-апрель, 2017-жыл.

"Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду" деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун бүгүнкү сотунда ага сөз берилет. Соттук териштирүү 13-февралда башталган.

39 жаштагы Акиловдун адвокаты ошол күнү өткөн сот жараянында террордук топ өзбек жаранын ар кандай чабуулдарды уюштурууга түртүп, муну менен Швецияны “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүп келген эл аралык коалициядан чыгууга мажбурлоону көздөгөнүн айткан.

Коалициянын курамында Иракта швециялык 70тей аскер кызмат өтөөдө. Прокуратура Акиловду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылууда. Ал айдаган жүк ташуучу автоунаа былтыр 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, 15и жарадар болгон. Кол салууга шектелген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн моюнуна алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG