Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

ЖЭБ: Депутаттардын 386 млн доллар боюнча көп суроосу жоопсуз калды


Комиссиянын жыйыны. 20.02.2018
Комиссиянын жыйыны. 20.02.2018

Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Жыйында 2014-жылы ЖЭБдин реабилитациясына Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарамжал пайдаланылышы тууралуу маселе талкууланды.

Талкууга Каржы министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, “Электр станциялары” ишканасынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев келишим боюнча Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоонун 1 киловатты 1287 доллар деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айтты. Башкача айтканда, 300 миң доллар айырма бар экенин билдирди:

- Бул жерде 1 доллар айырма. Жалпысынан 300 миң доллар. Бул катабы же эмне?

Тиешелүү мекеме башчылары бул жагдайды түшүндүрүп бере алышкан жок.

Январь айынын соңунда, түнкүсүн абанын температурасы -30га чейин төмөндөп турган чакта Бишкек ЖЭБинде авария болуп, бир нече күн шаардыктар жылуулуксуз калган. Агы чейин аталган ишкана Кытай берген насыяга жаңыланганы айтылган. (UEz)

Масалиев: ЖЭБди жаңылоодогу 300 миң доллар кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

XS
SM
MD
LG