Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкекте энергетикадагы коопсуздук маселеси талкууланат


"Камбар-Ата 2" ГЭСи.
"Камбар-Ата 2" ГЭСи.

Бүгүнкү иш-чараны “Өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттик” уюштуруп жатканын жарандык активист Тимур Саралаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, талкууга энергетика боюнча адистер, эксперттер чакырылган. Анда Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселелер тууралуу кеп козголот.

Кыргызстанда 2015-жылдын этегинде Энергетика министрлиги жоюлган. Электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баары бириктирилип, "Улуттук энергохолдинг" түзүлгөн. Бийлик ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңсе болорун билдирген.

26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган. Ушундан улам энергетикадагы көйгөйлөр кайрадан күн тартибине чыкты.

19-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин иликтеген мекеме аралык комиссия "Улуттук энергохолдингдин" директору Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин башчысы Улан Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго "катуу сөгүш жарыялаш керек" деген чечим кабыл алды. (NT)

XS
SM
MD
LG