Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Чаткал: Жергиликтүү тургундар кытайлык компанияга каршы чыкты


Чакмак-Суу айылынын тургундары.
Чакмак-Суу айылынын тургундары.

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын тургундары айылга жакын дарыянын жээгине "Кичи Чаарат" компаниясы калдык сактоочу көлмө куруп жатканына нааразы.

Бул тууралуу айылда өткөн акция учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты Чыңгыз Абдукеримов билдирди.

Анын айтымында, кен казган кытайлык компания айылга жакын жайгашкан дарыя жээгине уу калдыктарды сактоочу көлмө кура баштады.

- Долбоор боюнча 2015-жылы аны тоо башына куруу пландалган. Былтыр өзгөртүү киргизилип, сай жээгине которулган. Мындан жергиликтүү тургундардын кабары болгон эмес. Азыркы көлмө кар көп көчө турган жерде жайгашып, кырсык болсо айылды каптап кете турган коркунучу бар, - деди Абдукеримов.

Чогулгандар курулуш иштерине тийиштүү органдардын баа беришин өтүнүп жатышат.

Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев жеринде текшерүү жүргүзүлүп, "курулуштун калкка кооптуулугу жок" деген тыянак чыгарылганын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG