Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызстанда былтыр 629 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Айдоо жерге курулган конуштардын бири. Бишкек, 2017-жыл.
Айдоо жерге курулган конуштардын бири. Бишкек, 2017-жыл.

Башкы прокуратура “Азаттыкка” билдиргендей, былтыр жер мыйзамдарын бузуу боюнча 87 кылмыш иши козголду. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда он эки кылмыш ишине көп.

2017-жылы жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 423 киши тартип жоопкерчилигине, 45 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылган.

Баасы 3 млрд. 800 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилке мамлекетке кайтарылган.

Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай куруш үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен чыккан жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келатат. Мындай кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурунку айрым депутаттарынын аттары да аталган. Учурда миңдеген үй-бүлө "Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүп келатат. Бул мыйзам кабыл алынмайынча алардын жашаган турак жайлары мыйзамсыз жер тилкелерине курулган болуп эсептелет. (EBM)

XS
SM
MD
LG