Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Нарын Айып жашаган батирди сатуу тууралуу арыз сотто каралат


Журналист Нарын Айып.
Журналист Нарын Айып.

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн журналист Нарын Айып жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатуу тууралуу маселени карайт. Өткөн аптада сот ишти кароону бүгүнкүгө белгилеген.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Нарын Айыптын батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Анын алдында соттун чечими менен батир камакка алынган.

Нарын Айып "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди" деп, 9 миллион сом доого жыгылган. 20-февралда анын токсондогу энеси Райла Идинова сотторго кайрылып, үй сатыкка коюлса, неберелери менен талаада каларын айтып, калыс чечим чыгарууну суранды. Үч бөлмөлүү үйдүн үчтөн бир бөлүгү гана Нарын Айыпка катталган.

Былтыр Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Айыпталгандар райондук соттун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан.​ (NT)

XS
SM
MD
LG