Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Айыпка жыгылгандардын үйлөрү сатыкка коюлат


Октябрь райондук сотунун судьясы укук коргоочу Чолпон Жакупованын үйүн сатыкка чыгаруу боюнча соттук аныктама чыгарды.

Чолпон Жакупова мурдагы президент Алмаз Атамбаевдун доосу боюнча ири өлчөмдө акчалай айыпка жыгылган болчу. Аны менен кошо доого жыгылган журналист Нарын Айыптын үй-мүлкүн сатыкка чыгаруу боюнча соттук кароо аягына чыкпай калып, кийинкиге калтырылды.

Укук коргоочунун үйү сатыкка коюлат

14-февраль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча жоопкер укук коргоочу Чолпон Жакупованын Ысык-Көл облусундагы үйүн каттоого алып, сатыкка чыгаруу боюнча соттук аныктама чыгарылды. Бул иш боюнча сот аткаруучулардын өтүнүчүн караган судья Кымбат Архарова мурдагы президентке доого жыгылгандардын ичинен алгач укук коргоочу Чолпон Жакупованын үйүн сатыкка чыгарууга уруксат берген аныктаманы чыгарды.

Ага ылайык, эми анын үйү көз карандысыз баалоочулар тарабынан бааланып, ачык сатыкка коюлат. Укук коргоочу Чолпон Жакупова бул соттук аныктамага карата төмөндөгүдөй комментарий берди:

- Менин үйүмдү тартып алып жатышпайбы... Менин Ысык-Көлдө чакан үйүм бар. Мына ошону сатыкка чыгартып, сатуу үчүн сот мына ошондой чечим чыгарып берди. Эми аны көз карандысыз баалоо жүрсө, анан сатыкка коюп, кимдир-бирөөгө менин ошол үйүмдү сатышат. Эң баймын деген Алмаз Шаршенович мамлекеттик резиденцияда жашап жатат. Ал аздык кылат экен. Кой-Ташта үч кабат үй салдырган. Ал дагы аз экен. Ал киши толук бактылуу болуш үчүн менин Ысык-Көлдөгү 60 чарчы метр үйүм керек болуп жатыптыр. Ошону алайын деп жатат.

Сөзгө жоопкерчилик

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттеджди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин бири Жыпар Жекшеев каралап, аша чапкан адамдар эми жоопкерчилик тартууга да даяр болушу керек дейт:

- Эми чындыгында эле бул жерде эч кандай жоопкерчилик жок болуп жатпайбы. Ал жерде бир жактуу эле баарын шыбап, бир жактуу жамандап, ал эми өзүбуз жоопкерчилик алганды унутуп калганбыз да. Азыр дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Кыргызстандагыдай эркиндик жок. Эч жерде. Анан жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз зарыл. Жоопкерчилик тартканды дагы билишибиз керек. Айткан сөзүңө кожоюн болушуң керек. Ошого жооп бере алсаң, анан сүйлөш керек. Болбосо, бир жактуу эле жамандап, бир жактуу эле маскаралай берегндин кереги жок. Биз кандай темаларга жана кандай мотивдер менен гранттар берилишин билебиз да. Анын баары менин башымдан өткөн да. Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын ойлошу керек.

Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

Үштү алуунун үчүнчү кадамы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аброюна шек келтирди деп доо койгондордун дагы бири журналист Нарын Айыптын бөгөт коюлган батирин сатыкка чыгаруу боюнча сот аткаруучулардын арызы мына ошол эле Октябрь райондук сотунда каралды. Бирок бул соттук иш аягына чыкпай калып, соттук аныктама чыгаруу кийинкиге калды. Журналист Нарын Айып аларды доого жыгып, үй-мүлкүн тартып алуу аркылуу бийлик бүтүндөй коомчулуктун жүрөгүнүн үшүн алууну көздөйт деп эсептейт:

- Бул жерде маселе жөн эле кыянаттык кылып, ошол аркылуу коркутуу. Экинчиден, башка журналисттердин баары мындай катаал тажрыйбаны көрүп, унчукпай калышы керек. Сөз эркиндигин чектеп, бийлик эмне кылып жатса да, коомчулук ага каршы үндөбөстөн баш ийип, эч кандай сын-пикирин айта албаган абалга жеткирүү аракети жүрүп жатат. Бул жерде сот акыйкатты издейин деген жери жок. Мисалы, биз башында айып пулду бөлүп-бөлүп төлөө боюнча өтүнүчүбүздү сот чекке каккан. Бирок Жакупованын үйүнүн акчасы жетеби же жетпейби билбейм. Бирок менин батиримдин баасы мага коюлган 9 миллион сомду төлөөгө жетпейт. Бирок бүгүнкүдөй чечим менен алар бөлүп-бөлүп төлөөгө макул экенин түшүндүрүп жатышат. Бул жерде бир эле тараптын доосунда принципиалдуу карама-каршылыктар болуп жатат.

Нарын Айып.
Нарын Айып.

Буга чейин башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Ушундай эле айыптоо менен “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG