Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Черчиллдин “Асти сынбагыла!” аттуу китебинин бет ачары болот


Уинстон Черчиллдин "Асти сынбагыла" китеби.
Уинстон Черчиллдин "Асти сынбагыла" китеби.

Бишкекте Улуу Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болот. "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду билдиргендей, Черчиллдин эӊ мыкты сөздөрүнөн турган котормо быйыл январда жарык көргөн.

Китеп - 2015-жылдан тартып басыла баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы. Аны дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова которду.

Китепти басып чыгарууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да көмөк көрсөткөн. Жыйнакта Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн топтому камтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG