Түштүк Казакстан облусунда 2017-жылы 135 бала өздөрүнүн ВИЧке чалдыкканы тууралуу кабардар болушту. Бул тууралуу 21-февралда Чымкентте өткөн маалымат жыйынында облустук "Эне жана бала" реабилитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов билдирди. Анын айтымында, балдарга ВИЧке чалдыкканын кабарлоо бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Шакенов оору тууралуу балага 11-12 жашка чыкканда айтуу туура деп эсептейт. Маалыматка караганда, быйыл дагы 45 балага ВИЧке кабылганы угузулат. Учурда облуста ВИЧ илдети менен 242 бала каттоодо турат.