Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Камалган депутатты парламент кепилдиги менен алып чыгуу сунушталды


Асылбек уулу Дамирбек.
Асылбек уулу Дамирбек.

Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу керек. Мындай сунушун бүгүн парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты. Ал казак тарапка депутаттардын кепилдиги менен кайрылуу жибериш керек деп эсептейт:

- Парламент баарыбыз кепилдик болуп, депутатыбызды сотко чейин өзүбүзгө тартып алсак. Ал качпайт эле, эки мамлекеттин көзөмөлүндө турат эле. Дамирбек Кыргызстандын желегин бир нече жолу көтөргөн, спорт жагынан ийгилик алып келген, эң негизгиси, ал парламенттин депутаты. Колдон келишинче жардам бериш керек. Алып чыгыш керек сотко чейин.

Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров 19-февралда эки айга камакка алынган. Алар "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG