Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Депутат Карамушкина УКМКны айыптады


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бала асыроодогу мыйзамсыз иштерге барган кызматкерлерди жаап-жашырып жатат деп эсептейт. Бүгүн ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып УКМКнын айрым кызматкерлери прокурорлорду коркутуп, кылмыш ишин ачтырбай жатат деп айыптады:

- Мен чет өлкөлүк жарандарга балдар үйүнүн тарбиялануучуларын жашыруун өткөрүп берүүгө байланыштуу кылмыш ишин ачууну талап кылам. Мага "Мамлекеттик коопсуздук комитетинен кимдир-бирөөлөр Чүйдүн прокурорлоруна чалып, кылмыш ишин ачтырбай жатыптыр" деген маалымат келип түштү. Эмне үчүн Чүйдөгү интернаттын директорунун орун басарын гана иштен алышты? Негизги адамдар кызматында калды. Аларды ким калкалап жатат?

Ушул айдын башында Чүйдөгү мектеп-интернатка байланыштуу чуу чыккан. Эки кызды асырап алууну көздөп жүргөн жергиликтүү үй-бүлө ал кыздар бир нече күн бою америкалык үй-бүлө менен мейманканада жашаганын, аларды интернаттан алып чыгууга эч ким уруксат бербегенин жарыялашкан. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча асыроо укугунда биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга артыкчылык берилет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов депутаттын айтканына комментарий берип жатып эгер анда конкреттүү фактылар бар болсо көрсөтүшү керек экенин, ошого жараша териштирүү болорун билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG