Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Бишкекте милиционер пара алуу боюнча шектүү катары кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара алууга байланыштуу шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 16-февралда эки жаран Башкы прокуратурага Биринчи май райондук милициясындагы Урмат деген кызматкердин үстүнөн даттанышкан. Алар милиция кызматкери "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп 300 доллар талап кылып жатканын жазышкан.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (“Пара талап кылуу”) жана 305-беренесинин 1-бөлүгү (“Кызмат абалынан аша чабуу”) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Натыйжада 21-февраль күнү кечинде Бишкек шаарында ал жарандардан 15 миң сом пара алып жаткан жеринен милициянын 29 жаштагы улук лейтенанты кармалды.

Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG