Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Түркмөнстанда импорттук товарлар 80% кымбаттады


Ашхабаддагы дүкөндөрдүн бири.
Ашхабаддагы дүкөндөрдүн бири.

Ашхабадда азык-түлүк жана импорттук өндүрүш товарлары кайрадан кымбаттады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы соңку он күндө импорттук товарлардын баасы 80% көтөрүлгөнүн маалымдады.

“Ириде кир жуучу каражаттар кымбаттады. 7 манаттык (2 доллар) 500 грамм айна азыр 17 манат турат. Парфюм өндүрүмдөрүнүн айрым түрлөрү 250-300 манаттан 350-400 манатка көтөрүлдү”, - деди ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев.

Анын айтымында, нандын баасы дагы жогорулады, 300 граммдык кара бөлкө 1 манатка кымбаттап, 4,5 манатка сатылууда.

Буга чейин ун, эт, сүт азыктары кымбаттаганы айтылган. Ишкерлер муну доллар курсу жана бензиндин баасы көтөрүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Акыркы эки жылдан бери өлкөдө бензиндин баасы 50% жогорулап, 1-февралдан тартып литри 1,5 манатты түздү. Аны менен катар чет өлкөлүк валютанын “көмүскө базардагы” курсу рекорддук көрсөткүчкө жетип, 1 АКШ доллары 15 манатка бааланууда.

XS
SM
MD
LG