Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Черногориядагы АКШ элчилигине граната ыргытылды


Подгорицадагы элчиликтин жанындагы коопсуздук күчтөрү. 22-февраль, 2018-жыл
Подгорицадагы элчиликтин жанындагы коопсуздук күчтөрү. 22-февраль, 2018-жыл

Белгисиз адам Черногория борбору Подгорицадагы АКШ элчилигине граната ыргытып, андан соң өзүн-өзү жардырган. Окуя 22-февралга оогон түнү болгону Черногория өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланат.

Жергиликтүү өкмөт ыргытылган курал "колго жасалган граната болушу ыктымал, иликтеп жатабыз" деп толуктайт билдирүүсүн.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Нойерт түн жарымдап калганда элчиликтин жанында анча чоң эмес жардыруу болгонун билдирди. Элчилик кызматкерлеринен эч ким жаракат алган жок.

22-февралда АКШ элчилиги элди тейлөөнү убактылуу токтотуп, кийинки билдирүүгө чейин бул өкүлчүлүктөн ыраак боло турууга чакырды.

Черногория - мурдагы Югославиянын курамынан чыккан эң чакан өлкө.

XS
SM
MD
LG