Ошто Сириядагы согушка катышып келген жаран беш жылга эркинен ажыратылды. Бул туралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган 22 жаштагы жигит былтыр күзүндө кармалган. Ага карата иш Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышуусу") боюнча козголгон.
Ош шаардык сотунун өкүмү менен ага беш жылдык күчөтүлгөн тартиптеги абак жазасы чегерилди.
Сотто ал жаран 2014-жылдын сентябрь айында Москва аркылуу Сирияга барганы, ал жерде Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Жавхат-ан-Нусра» террордук уюмунун катарында согушуп жүрүп, 2017-жылдын 17-ноябрында Түркиядан «Стамбул-Бишкек» авиакаттамы аркылуу учуп келгени айтылды.
Жалал-Абадга келгенден кийин ал Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарын Сириядагы “жихадга» үгүттөп жүргөнү аныкталды. Бул факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз жасап бергени да аныкталып, кылмыш иши козголду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Сириядагы согушка кеткен кыргыз жарандарынын саны 500дөн ашкан, алардын жүздөйү кайтпай калган. (MN)