Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Медицина кызматкерлери Эне тили күнүн белгилешти

Бишкектин саламаттык башкармалыгында кыргыз тилине арналган жыйын өттү.
Бишкектин саламаттык башкармалыгында кыргыз тилине арналган жыйын өттү.

21-февралда эл аралык Эне тили күнү белгиленүүдө. Бул датага карата Саламаттык сактоо министрлигинде да атайын иш-чара болуп өттү.

Кыргызстанда Эне тили күнү Улуттук тил комиссиясынын демилгеси менен алгач ирет белгиленип жатат.

Бишкек шаардык Саламаттык башкармалыгында кыргыз тилинин мааниси, аны өнүктүрүү боюнча жыйын болду.

1999-жылдан бери ЮНЕСКОнун чечими менен 21-февраль эл аралык Эне тили күнү деп таанылган. 1952-жылы Бангладештин борбору Даккада 21-февралда студенттер эне тилин коргогон митингде окко учканына байланыштуу бул дата белгиленет. (BCh)

XS
SM
MD
LG