Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

AI: Дүйнө лидерлери адам укуктарын көңүлдөн сыртта калтырды


Укук коргоочу уюм баяндамасын жарыялоодо. Ортодо Салил Шетти.
Укук коргоочу уюм баяндамасын жарыялоодо. Ортодо Салил Шетти.

"Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму 22-февралда өткөн жылга карата баяндамасын жарыялады. Анда бир топ дүйнө лидерлери "адам укуктары маселесин көңүлдөн тыш калтырды" деп сынка алынат. Бул башка өлкөлөр үчүн "коркунучтуу үлгү" катары бааланды.

"Аль-Сиси, Дутерте, Мадуро, Путин, Си жана Трамп миллиондордун укуктарын одоно түрдө бузууда" дейт Шетти. Ал атын атагандар Египеттин, Филиппиндин, Венесуэланын, Орусиянын, Кытайдын жана Кошмо Штаттардын президенттери.

"2017-жылдын сабагы - коркунуч менен жек көрүү зулумдуктун гана рецепти экенин көрсөттү. 2018-жылда чоң маселелерди чече ала турган лидерлер керек. Бизге адамдын укуктарын, ар-намысын жана теңчилигин коргоодо такаат бере алган жана коркпогон лидерлер зарыл" - деди Салил Шетти.

"Эл аралык мунапыстын" баяндамасы 159 өлкөнү жана аймакты камтыйт. Анда былтыр куралдуу жаңжалдардан жабыркагандар, качкындар, дискриминацияга жана репрессияга туш болгондор тууралуу кеңири баяндалат.

XS
SM
MD
LG