Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ЖЭБди жаңылоону иликтеген депутаттык комиссиянын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Азаттыкка” комментарий берип, иликтөөдө белгилүү болгон айрым жагдайларды ачыкка чыгарды:
- Бул жерде өтө көп талаш маселе бар. Мына, мисалы, техника-экономикалык негиздемени даярдоого, Кытайдан келген адистерди жайгаштырганга, ташыганга, андан сырткары жабдууларды алып келгенге эле 12 млн. доллар акча жумшалыптыр. 18 млн. доллар административдик чыгымдарга кетиптир. 300 миң долларга электр станциясынын имараттарына оргтехника жана эмерек алышыптыр. Андан сырткары техникалык көзөмөлдү кытайлык компанияга 7 жарым млн. долларга бергени ачыкка чыкты. А эмне үчүн кыргыз компаниясына же Кыргызстандын архитектура башкармалыгына техникалык көзөмөлгө берсе болбойт эле? Мына ушул нерселердин баарын карап чыгып, комиссия андан кийин тыянак чыгарат. Анда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча катардагы кызматкерлер эмес, жогорку аткаминерлердин да жоопкерчилиги каралат.
Жамангулов ошондой эле комиссия 10-15-марттарда толук жыйынтыгын жарыялай турганын билдирди.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага сарпталган 386 млн. доллардын максаттулугун иликтеген депутаттык комиссия эки жолу парламентте чогулуп, бир жолу ЖЭБде көчмө жыйынын өткөргөн. Комиссия 12 депутаттан турат.
20-февралдагы отурумда финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков ЖЭБди модернизацияга келген 386 млн. доллар насыя Кытайдан эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынганын билдирген.
26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, борбор шаардын көпчүлүк бөлүгү беш күн бою жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу борбордун директору жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары "шалаакылык кылган" деп иштен алынган. (ErN)