Ташкент облустук соту "каржы пирамидасын" түзүп, көз боемочулук кылганы үчүн ишкер Ахмад Турсунбаевди 13 жылга кести. Дароо эле мунапыс менен жазасынын төрттөн бири кыскартылды. Турсунбаев 2016-жылы кармалган.
Өзбек тергөөчүлөрүнүн маалыматында, ишкер жергиликтүүлөр арасында Ахмадбай деген ат менен таанылган. Жылына 100-200% үстөк кошуп кайтарууга убада берип, элден акча, машине жана башка мүлктөрдү алып турган. Ага он миңдеген адам каражат бергени, бирок айтылган киреше тургай, тапшыргандарынын өзүн ала албай калышканы тергөөдө айтылган.
Соттун жүрүшүндө ишкердин 12,5 млн. долларлык мал-мүлкү камакка алынганы белгилүү болгон.
Январдын аягында "Өзбекстан 24" телеканалы Ахмад Турсунбаевдин карамагында турган 105 автоунаа мурдагы ээлерине кайтарылганын кабарлаган. "Азаттыктын" өзбек кызматы элдин салымдарын кайтаруу боюнча өзүнчө иликтөө жүрүп жатканын жазды.