Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Өзбекстан: Ахмадбай "жылдызга" айланды


Ахмадбай Турсунбаев.
Ахмадбай Турсунбаев.

Ташкентте Каримовдун кашында туруп, өлкөдөгү эң ири каржы пирамиданы түзө алган Ахмадбай Турсунбаевдин кармалышы өзбек бийлигине абийир алып бербеди.

Тескерисинче, Ахмадбай Турсунбаев Өзбекстанда теле жылдызга айланды. Эл арасында өзбек тартип сакчыларына болгон суроо көбөйүп, нааразылык күч алды.

Шахматы бар Ахмад дешер,

Кызматыңа ыракмат дешер,

Жаш-карысы дуба кылып,

Берсин сага оомат дешер.

Ахмад Шахмат,

Атаңа миң рахмат.

Ахмад Шахмат,

Өзүңө миң рахмат.

Булар мындан жарым ай мурун камакка алынган ташкенттик ишкер Ахмадбай тууралуу ырдашууда. 40 миңдей адамдан 100% үстөгү менен насыя алган Ахмадбай камакка түшкөндөн бери Өзбекстандагы эң популярдуу адамга айланды. Ахмадбайдын “атасына алкыш” айткан ыр интернетте жайнаган көп чыгарманын бири гана. Алдамчылыкка шектелип кармалган Ахмадбайга кээлери рахмат дешсе, башкалары каргыш айтып, дагы айрымдары карызын доолап ырдашууда.

- Сай боюнда турган жигит,

Иномаркаларды минген жигит.

Пулдарыбызды алган жигит,

Кайтарып бергин пулдарыбызды.

Ташкентте Каримовдун сүрүнөн коркпой миңдеген жарандардын миллиарддаган акчасын топтоп алган Ахмадбай Турсунбаев 15-июнда кармалган. Байдын жертөлөсүнөн табылган 40 миллиард өзбек суму жана 8 миллион долларды милициялар эки КамАЗга жүктөп барып банкка тапшырган. Байбачанын камалганы тууралуу маалыматтан кийин миңдеген доочулар Ахмадбайдын фермасында багууда жаткан миң буканы жана унаа базарындагы автоунааларды талап кетишкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, учурда Ахмадбайдын аялы жүрөгү кармап ооруканада жатса, аласасын өндүрө албай калгандардын экөө акылдан азганы айтылууда.

Байдын колунда иштеген кызматкерлердин бири Алмаз Кочкоров өз милдеттери жана Ахмадбайдын пландары тууралуу буларды айтты:

- Биз элден келген машинелерди кабыл алчубуз. Аларды базарга алып барып сатып, акчасын элге келишимде белгиленген өлчөмдө таратып берчүбүз. Азыр биздин 1-фермада миң баш бука бар. Кудум ушундай 2-ферманы куруп атабыз. Анан 6 миң буканы батыра турган чоң 4-ферма курулуп жаткан.

Ахмадбайга берген акчасынан кол жууп калган жаран Абдинасир Бердиев милицияга арыз жазгандардын бири.

- Мен Сырдарыя облусунан болом. Ахмадбай тууралуу элден угуп келгем. Анын фирмасына 8 миллион сум тапшырган элем. Алар он ай ичинде 16 миллион кылып кайтарабыз дешкен эле.

Өзбек милициясы Ахмадбайдын үстүнөн Абдинасирге окшогон дагы 20 миң адам арыз жазганын билдирген.

Элден 100% үстөгү менен карыз чогулткан Ахмадбайды учурда өлкөдөгү доочусу эң көп адам десе болот. Бирок алты жылдан бери элден алган карыздарын өз убагында кайтарып келаткан ишкердин арифметикасын түшүнгөн жан жок. Байдын кассири Наргиза Исламова пирамида ишкерлиги өзүн актап келаткан деп көрсөтмө берүүдө.

- Менин оюмча, бул иш өзүн актайт. Мисалы, сиздин акчаңызды буга, мунун акчасын ага, анын акчасын тигиге берет. Акчалар бири-бирин каптап кете берет. Элдин акчасын кабыл ала турган төрт касса бар. Акча тарата турган дагы төрт касса бар. Адамдар күн сайын келип кезек менен акча төгүп же акча алып кетишет. Жетекчибиз Ахмад ака.

Ахмадбайдын алты жыл жашаган пирамида ишкерлигинде камалганга чейин бир да адам ага каршы милицияга арыз жазган эмес. Акчасын алалбай же келишилгенден аз акча алып, нааразы болгон жан болбогон. Мындан улам эл арасында Ахмадбайды камоо негизсиз деген пикирлер көп.

Анткени Ахмадбай жашаган Ташкенттин Чиноз районунда ага атаандаш башка дагы каржы пирамидалары бар. Чиноздо Токтосунбай, Бахадырбай, Жалалидинбай дегендер да Ахмад сыяктуу эле ишкерлиги менен элге белгилүү. Бирок милиция район боюнча бир эле Ахмадбайды кармап, башка пирамидачылардын ишине көз жумганына эл нааразы:

- Нуридинбай жана Бахадырбай деген эки бай бар. Мындай байлар көп. Токтосун Нуридин дегендер мурдагыдай эле иштеп атышат. Бир эле Ахмадбай камалып, башкалардын иши уланып жатканы бизди таң калтырат. Эгерде бул иш кылмыш болсо, милиция ушунча жылдан бери каякты карап отурган. Эмне үчүн бир эле Ахмадбай камалат да башкасы иштей берет.

Азырынча өзбек милициясы мындай суроолорго жооп бере элек.

Бул арада Ахмадбайдын кармалганын кабарлабаган өзбекстандык телеканал калган жок. Эл арасында Ахмадбай тууралуу анекдоттор жаралып, обондуу ырлар жазылууда.

Сай боюнда жүргөн жигит,

Кашы-көзүн сүзгөн жигит.

Сөйкө-шакегим алган жигит,

Эми баарысын кайтар келип.

Каржы пирамидалары Кыргызстанды да маал-маал каптап турат. Өзбекстандан айырмаланып Кыргызстанда ачылган каржы пирамидалары бир жылга жетпей жоюлуп кетет. Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган бир да ишкер кармалган эмес. Эки жыл мурун Кызыл-Кыяда уюшулган каржы пирамидасынан миңдеген адамдар күйүп кала беришкен. Ош шаарында “Зекет” деген ат менен уюштурулган каржы пирамидасынын башчысы кыргыз саясатчыларын баш кылып жарнамага пайдаланып, элден чогулган миллиондорду жыйып, чет өлкөгө чыга качкан.

XS
SM
MD
LG