Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Өзбекстанда Ахмадбай “пирамидасы” кулады


Ахмадбай Турсунбаевден алынган акчаны саноо учуру.
Ахмадбай Турсунбаевден алынган акчаны саноо учуру.

15-июнда Өзбекстандагы эң ири каржы пирамидасынын ээси Ахмадбай Турсунбаев камакка алынды. Анын үйүнөн табылган сум жана долларды милиция оор жүк ташуучу унаалар менен банкка ташып кетти. Ал эми алданган 40 миңдей адам Турсунбаевге берген акча кайтабы деп кайгы тартууда.

Ташкенттин Чиноз районунун тургуну Ахмадбай Турсунбаевдин кеңсесинде 15-июнда тинтүү жүрүп, 15 кишини милиция кармап кетти. Ахмадбайдын үйүн жана кеңсесин текшерген учурда ири суммадагы өзбек суму жана АКШ доллары табылган. Милиция ал акчаны оор жүк ташуучу эки машине менен «Калк» банкына тапшырган. Ахмадбайдын акчаларын санап алууга банктын 40 кызматкери тартылган. 40 миллиард өзбек суму жана 2 миллиондон ашуун америка долларын банк кызматкерлери түн жарымына чейин санап отурушкан.

38 жаштагы ишкер Ахмадбай Турсунбаев мурда касапчылык менен аймакка аты чыккан. Кийинчерээк "акчаңарды 100% үстөгү менен кайтарам" деп, элден пул чогултуп, Өзбекстанга белгилүү каржы пирамидасын түзгөн.

Ахмадбай Турсунбаев
Ахмадбай Турсунбаев

Учурда Чиноз райондук милициясы ага алдамчылык, чет элдик валютаны мамлекеттен жашырып сактоо деген алты-жети айыпты тагууда. Жергиликтүү тургун Абдрахман Ташанов милицияны мындай ишти башында эле тыйганда болмок деп сындады.

- Зыян тарткандар көп. Мисалы, бирөө 100 миллион сумга короо-жайын сатып, акчасын Ахмадбайга берген экен. Ал элден акча алып жатканда эч кандай документ колдонгон эмес. "Буюрса акчаңызды 100% көбөйтүп аласыз" деп колуна теңге карматчу. Милиция муну мурда эле тыйганда элге зыяны тиймек эмес. Бирок алар койду семиргенде соёбуз дегендей мамиле кылышты окшойт.

Ахмадбайдын үйүнөн табылган акча.
Ахмадбайдын үйүнөн табылган акча.

Бул арада Ахмадбайга ири суммада акча берген адамдар арасында жүрөк оорусу менен бейтапканага түшкөндөрдүн саны өскөн. Көрсө автоунаасын, малын сатып акчасын Ахмадбайга карматкан жарандардын саны күтүлгөндөн кыйла көп болуп чыкты. Ушул тапта Ахмадбай жашаган Алмазар айылына барчу жолду милиция жети жеринен көзөмөлгө алууга аргасыз болууда. Маалыматтарга караганда, 40 миңдей адам Ахмадбай аркылуу акчасын көбөйтүүнү каалаган.

- Биздин байкашыбызча, Ахмадбайдын ишмердиги аябай эле канат жайган. Ал камалгандан кийин ар башка облуска таандык номурлары бар машинелер айылда көбөйүп кетти. Акчабыз эми эмне болот деп, Самарканд, Навои, Жизак, Сырдарыядан бери келип атышат. Кошуналары болсо баарына жардам берген жакшы адам, аны чыгарып алуу үчүн нааразылык митингине чыгабыз дегенге чейин барышууда, -деди жергиликтүү тургун Абдрахман Ташанов.​

Акыркы учурларда Ахмадбай интернат, балдар үйүнө жардам берген меценаттык иштери менен да элге белгилүү боло баштаган. Азырынча милиция Ахмадбайдан алынган акчаны ээлерине кайтарып берер же бербесин ачык айта элек.

Өзбекстанда Ахмадбай “пирамидасы” кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

XS
SM
MD
LG