Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Өзбекстан: күчөтүлгөн тартип элди жүдөтүүдө


Ташкендин тартип сакчылары
Ташкендин тартип сакчылары

Шанхай кызматташтык уюмунун 23-24-июнда өтө турган саммитине байланыштуу Ташкендин күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

"Азаттыктын" өзбек кызматы тараткан маалыматка караганда, азыртадан тарта Ташкенде тургундардын коомдук жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлгөн. Эрежеге баш ийбегендер ири өлчөмдө айыппул төлөй турганы эскертилүүдө.

Борбор калаадагы базарлардын биринде соода кылган адам Ташкенде каттоосу жокторду милиция кармап кетип, шаардан чыгарып жатканын "Азаттыкка" айтты:

- Борбор калаага облустардан келгендерге кыйын болуп калды. Ташкенде каттоосу жокторду шаардан чыгарып жатышат. Облустан келгендерди кармаса, ири айыппул төлөтүшүүдө. Азыр эң аз айыппул 500 миң сум болду (85 доллар - ред.). Ташкенде баш көтөрүп басалбай калдык. Кылмышкердей болуп кычык көчөлөр менен басып калдык.

Өзбек баш калаасындагы орто жана жогорку окуу жайлар да бул жылы бир ай эрте жабылып, студенттер үйлөрүнө таратылды. Адатта Өзбекстанда окуулар 1-июлга барып аяктап, сынактар 20-22-июлга чейин созулчу. Быйыл болсо 10-июнда эле борбордогу бүт окуу жайлар эс алууга тарады. Окуу жайлардын жетекчилери 10-июнга чейин окуу жайда бир да адам калбашы керектигин окутуучуларга эскертип, муну саммит менен түшүндүрүшкөн.

Буга чейин Өзбекстанда саммиттин коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтар борбор калаага кирип-чыгууну иш-чарадан бир апта мурун токтотуу чечимин кабыл алышканы жарыяланган. Кабарда борборго кирүүгө жеңил автоунаадан тартып, темир жол транспортторуна чейин тыюу салынары, бул тыюу айрым аба жол каттамдарына да тиешелүү экенин маалымдашкан.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "мындай чечим жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынганы" белгиленген.

Ташкендеги педагогикалык университеттин окутуучусунун маалымдашынча, борбор калаада текшерүүлөр болуп көрбөгөндөй күч алды.

- Борбордо текшерүү аябай күч алды. Кадам сайын милиционерлер турат. Милиция кызматкерлери шаарда топ-тобу менен жүрүшөт. Мынча милиционер кайдан чыкканына таң каласың. Өзгөчө кечки ондон кийин жалгыз жүргөн жарандарды кармап кетүүдө. Борбор калаада документсиз жүрүү мүмкүн болбой калды.

Бул арада катуу көзөмөлдөн жай тургундар эле эмес, милиция кызматкерлери өздөрү да чарчашканы белгилүү болду. Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактын маалыматына караганда, күч кызматтары ай башынан тарта эле күжүрмөн даярдыкка өткөн. Милиция кызматкерлери үйлөрүнө бир-эки саатка гана бошотулбаса, башка убакта шаарды кыдыруу менен алек болушууда.

Борбор калаада жашаган ардагерлер ар бир мечит күнү-түнү кайтарылып жатканын билдирүүдө. Алардын айтышынча, Ташкендеги ар бир мечитти 7-8ден милиция кызматкери түнү-күнү көзөмөлдөп турат.

Наманган-Ташкен багыты боюнча эл ташыган такси айдоочулар болсо, борбор калаага кирүүчү жол жабылса, бир канча чакырымга созулган тыгын пайда болот деп чочулашууда. Өзбекстандыктар катаал чектөөлөрдүн коштоосунда өтө турган саммитте кандай сөз болорунан кабарсыз.

ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жазында Аксыдагы чек ара чыры курчуп турган маалда Өзбекстанда өтө турган ШКУ саммитине барбай турганын айткан жайы бар.

Ошондой эле Атамбаев Кыргызстандын саммитке катышар-катышпасы азырынча белгисиз экенин 3-майда Орусиянын “Интерфакс” агенттигине маек курган учурда да билдирген.

XS
SM
MD
LG