Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Өзбекстан Түндүк Кореяны басып өттү


Өзбекстанда бийлик жыл сайын карапайым калкты пахта талааларында иштөөгө мажбурлайт.
Өзбекстанда бийлик жыл сайын карапайым калкты пахта талааларында иштөөгө мажбурлайт.

Австралиялык Walk Free Foundation эл аралык уюмунун “Глобалдык кулчулук көрсөткүчү” делген изилдөөсүндө Өзбекстан дүйнөдө кулчулук жайылган эң алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.

Ушул эле уюмдун мындан үч жыл мурунку иликтөөсүндө Өзбекстан 167 өлкөнүн ичинен 47-орунду ээлеген.

Австралиялык Walk Free Foundation эл аралык уюмунун жаңы изилдөөсүндө Өзбекстанда элди мажбурлап бекер иштетүү жылдан-жылга күчөп баратканы көрсөтүлөт. Изилдөөгө алынган 167 өлкөнүн ичинен Өзбекстандын бешинчи орунду ээлеши Түндүк Кореяны артта калтырды дегенди билдирет.

Walk Free Foundation уюмунун 31-майда жарыяланган маалыматына караганда, Өзбекстандын жалпы калкынын 4% ар кыл иштерге мажбурлап тартылат. Бул деген өлкөдөгү 1 миллион 230 миң адам талаа жумуштарын акысыз аткарууга мажбурланган дегенди билдирет.

Эл аралык уюм «заманбап кулчулукту» талаа жумуштарына, адам сатуу, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо жана никеге турууга аргасыз кылуу деген белгилер боюнча аныктаган.

Walk Free Foundation уюмунун жетекчиси Эндрю Форрест "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде Өзбекстанда бийлик карапайым калкты пахта талааларында күч менен иштөөгө мажбурлаганы үчүн тизменин алдыңкы сабына киргенин айтты.

- Өзбекстанда элди эмгекке зордоп салууну бийлик уюштурат. Мындай көрүнүш айрыкча пахта терими башталган учурда өзгөчө байкалат. Бийлик дарыгерлерден тарта мектеп окуучуларына чейин жапырт пахта терүүгө мажбурлайт. Аргасыздан талаа жумуштарына тартылган адамдарга акы төлөп бербейт. Пахта терүүгө чыкпай койгондор жазаланат. Бул көрүнүш заманбап кулчулук деп эсептелет.

Өзбек бийлиги элди мажбурлап иштетүү мамлекеттин расмий саясаты экенин четке кагып келет. Расмий Ташкенттин билдиришинче, пахта терими маалында эл өз ыктыяры менен ашарга чыгат. Өзбек жарандары жыл сайын пахта теримге ашар менен чыгып, кол кабыш кылууну өздөрүнүн жарандык милдети деп билишет.

Глобалдык кулчулук индексинин баяндамасында өзбек бийликтери эл аралык коомчулуктун басымынан улам абалды жакшыртууга аракет жасап жатканы да белгиленген. Бирок ага карабай 2015-жылы бир миллиондон ашык карапайым адам пахта терүүгө мажбурлап тартылган.

- Өзбекстандын борбордук бийлиги пахтадан түшкөн пайданы өзү каалагандай жумшайт. Пахтадан түшкөн байлыктын пайда болушуна түздөн-түз салымы бар карапайым букаралар пахтадан түшкөн кирешени бөлүштүрүүгө жакын да жолотулбайт. Демек пахтачылар өз эмгегинин үзүрүн өздөрү көзөмөлдөөгө эч кандай укук ​берилген эмес десек болот, - дейт "Азаттыкка" берген маегинде Эндрю Форрест.

Ушул эле уюмдун Глобалдык кулчулук индекси боюнча 2013-жылкы тизмесинде Өзбекстан 167 өлкөнүн ичинен 47-орунда турган. Акыркы үч жылда коңшу өлкө 42 тепкичке көтөрүлүп, Индия баш болгон дүйнөдө кулчулук жайылган алдыңкы беш өлкөнүн катарына чыкты.

Глобалдык кулчулук индексинин жалпы сап башында Индия, Кытай, Пакистан жана Бангладеш турат. Ал эми 16-орун Орусияга, 19-орун Тажикстанга, 25-орун Кыргызстан менен Казакстанга ыйгарылса, Түркмөнстан 37-орунда турат.

Ал эми адам эмгеги жакшы бааланып, кулчулукка мажбурлоо көрүнүштөрү эң аз байкалган өлкөлөрдүн тизмесине экономикасы мыкты өнүккөн Ирландия, Норвегия, Дания, Швейцария, Австрия, Швеция, Бельгия, жана Америка Кошмо Штаттары кирген.

Уюм иликтөөсүнүн жыйынтыгында, дүйнө жүзү боюнча 46 миллион адам кулчулук шартында жашап жатканы, акыркы үч жылда ага кабылгандардын саны 10 миллион адамга көбөйгөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG