Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Өзбекстан: пахта терими тойлорду токтотту


Өзбекстан.
Өзбекстан.

Пахта терими башталганы Өзбекстандын Самарканд облусунун бийлиги тойканаларда жана кафе-ресторандарда той өткөрүүгө тыюу салды.

Ал эми Ташкен облусунда болсо, мугалимдерди алардын ордуна пахта терген адамдарга төлөө үчүн деп, акча чогултууга мажбурлап жатат.

Той-тамашасыз бир ай

Самаркандда облус жетекчисинин оозеки буйругу менен 6-сентябрдан тарта үйлөнүү тойлорун кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынды. Аны облустун бир катар тургундары ырасташууда.

- Биз 10-сентябрда эжебиздин тоюн өткөрөйүн деген элек. Бирок бир да ресторан макул болгон жок. Кафе-ресторандардын ээлеринин айтымында, алар 10-октябрга чейин той өткөрбөө боюнча буйрук алышкан экен, - деди “Азаттыкка” Самарканд облусунун Иштихан районунда жашаган жигит.

Өзбекстандагы пахта терүү ишинен бир көрүнүш
Өзбекстандагы пахта терүү ишинен бир көрүнүш

Ал кошумчалагандай, бийликтин пахта теримге байланышкан чечиминен кийин алар тойду шашылыш башка күнгө жылдырууга аргасыз болушкан. Ал эми Самарканддын Каттакоргон районунда адамдар тойлорду үйлөрүндө өткөрүүгө өтүшкөн. Бирок той-тамашаларды кафе-ресторандарда өткөрүүгө көнүп калган элге эми үйдө - эшиктин алдында той өткөрүү оор жана көп түйшүк жаратууда.

Самарканд облусундагы тойканалардын биринин ээсинин айтымында, аларга бир ай - пахта терүү сезонунда эч кандай той-тамаша өткөрбөө тууралуу оозеки буйрук райондук акимияттан айтылган.

- Жыл сайын пахта терүү мезгилинде биз бир ай жумушу жок отурабыз. Бул быйыл да уланып жатат. 2-сентябрда бизди акимиятка чакырып, элди бир жерге топтобоону, пахта теримге тоскоол болбоону суранышты. Атүгүл өзүңөр да пахта терүүгө баргыла, түшүм жыйноого салымыңарды кошкула деп айтышты.

Самарканддык студенттерди пахта терүүгө алып бара жатат.14-сентябрь, 2015-жыл
Самарканддык студенттерди пахта терүүгө алып бара жатат.14-сентябрь, 2015-жыл

Ошол эле кезде азырынча Самарканд шаарынын өзүндө той өткөрүүгө эч кандай тыюу салынган эмес. Анда тойканалар мурдагыдай эле иштерин улантып жатат.

Облустук акимияттагы атын атагысы келбеген жетекчи кызматкердин маалымдашынча, бийлик пахта терүү учурунда той өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарган эмес. Ошол эле кезде ал райондогу кызмат адамдары пахта теримин эрте бүткөрүү максатында ушундай буйрук бериши мүмкүн экенин мойнуна алды.

Былтыр да Өзбекстандын көп облустарында пахта терүү сезонунда той өткөрүүгө тыюу салынган.

Мугалимдердин арманы

Ал ортодо Ташкен облусундагы мектептердин мугалимдери алардын ордуна пахта тергендер үчүн 800 миң сумдан акча төлөөгө мектеп жетекчилиги мажбурлап жаткандыгын айтып, “Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылышкан. Бул сумма кыргыз акчасына эсептегенде 11 миң сомдон ашат.

- Бизде 800 миң сумдан чогултуп жатышат. Азыр ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша акча берүүдө. Айрымдар 200 миң, башкалары 300 миң сумдан төлөштү. Бирок бизди эртерек төлөгүлө деп шаштырып жатышат. Жакында биз айлыгыбыздан аванс алабыз. Ошондо калганын да төлөгүлө деп айтты, - деди “Азаттыктын” өзбек редакциясына арызданган мугалимдердин бири.

Заңги-Ата районундагы бул №62 мектептин мугалимдеринин кабарлашынча, аларда эң жогорку маяна 1 миллион 300 миң сум. Ошол эле кезде болгону 300 миң сум айлык алгандар да бар. Андан тышкары, мектеп директору мугалимдерден “үй-бүлөлүк жана башка себептерге байланыштуу менин ордума башка бирөөнү пахта терүүгө жалдаңыз” деген кат жаздырып алууда. “Акчаны төлөбөй эле өзүбүз барып, пахта терели” деген окутуучулардын өтүнүчүнө директор макул болгон эмес.

Өзбекстан
Өзбекстан

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул №62 мектептин директору Жамалиддин Ниязов менен байланышканда ал мугалимдердин дооматтарын жарым-жартылай тастыктады. Ал өзү да жалдаган адамдар менен кошо пахта талаасында жүргөн экен.

- Өзбекстандын байлыгы пахта болгондон кийин аны эрте жыйнаштырып алышыбыз керек да. Өзбекстандын улуттук байлыгы болгон пахтага ар бир киши өзүнүн салымын кошот да.

Өнөктүктөн пенсионерлер да четте калган жок

Ал эми Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болсо пенсия жашындагыларды пахта терүүгө күчтөп чыгарып жатканы айтылууда. Пенсиясын кыскартып койорунан чочулаган кары-картаңдар жергиликтүү бийликтин ыгына көнүп, пахта талаасына чыгып жатышат.

Өзбекстандагы пахта терүү
Өзбекстандагы пахта терүү

Мындай көрүнүштөр башка облустарда да кездешүүдө. Маселен, жизактык укук коргоочу Зиядулла Раззаков пенсионерлерди пахта терүүгө айдап жатканына өзү күбө болгон.

- Бул жылы пенсионерлерге мааледеги комитеттерден келип, жазуу түрүндө аларды пахта терүүгө чыгууга эскертип кетишүүдө. Алардын пенсиясын кесип салабыз деп коркутуп жатканы боюнча менде маалыматтар жок. Бул өнөктүк азыр гана башталды. Мен өзүм ушундай билдирүү алган пенсионерлерди көрдүм. Бир пенсионер келген адамды “Билгениңди кылып ал” деп, кубалап жибергенин айтты. Пенсионерлер мамлекет алдында милдетин аткарып бүтүшкөн да.

Өзбекстан 5-сентябрдан тарта бюджеттик мекемелерде иштегендерди жалпы пахта терүүгө чыгарган.

2014-жылы өзбек бийликтери пахта талааларына бир миллиондун тегерегиндеги адамды, анын ичинде дарыгерлерди, мугалимдерди жана студенттерди айдаган. Бул көрүнүш быйыл да кайталанууда.

XS
SM
MD
LG