Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Өзбек пахтасын "жеригендер" көбөйүүдө


Пахта талаасы.
Пахта талаасы.

Өзбекстан пахтасына каршы эл аралык бойкотко кошулган ири компаниялардын саны 153кө жетти.

Британиянын Tesko ишканасы адамдарды мажбурлоо менен жыйналган өзбек пахтасынан 2007 - жылы эле баш тартканын ачык айтты. Ал арада өзбек бийлиги өндүрүлгөн пахтанын 70 пайызын Өзбекстандын өзүндө кайра иштетүү планын кабыл алганы маалым болду.

Өзбекстандагы эмгек күчүн мажбурлап пайдаланууга каршы Тarget, Walmart, C&A, Marks&Spencer, IKEA, H&M жана башка дүйнөлүк ири компаниялар каршылык билдирип келет. Британиянын Tesco чекене тармагы да алардын катарында экенин ишкананын камсыз кылуу боюнча жетекчиси Жайлс Болтон сыймыктануу менен билдирди.

Балдардын эмгегин колдонууга каршы иш алып барган Responsible Sourcing Network уюмунун маалыматына ылайык, учурда Өзбекстандагы мажбурлап эмгек күчүн колдонуу аракетине каршы петицияга кол койгон ишкана, компаниялардын саны 153кө жеткен.

Өз продукциясын чыгарууда өзбек пахтасын колдонуудан баш тарткан өндүрүш, ишканаларынын саны болсо 100гө жетти.

Соңку жылдары чет элдик компаниялардын пахтадан баш тартуусу өзбек бийлигине таасир бергендиктенби быйылкы жылы пахта теримге орто мектеп окуучулары дээрлик тартылган жок. Жада калса балдарды “талаага жолотпогула” дегендей атайын мамлекеттик токтом да кабыл алынган. Бирок бул “саамалык” тескерисинче колледждердин окуучуларын, студенттерди, мамлекеттик ишкана кызматкерлерин эки эсе көп талаалатты. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, бир катар ишканаларда пахтадан качкандардын айлыгы олчойто кесилип да жатты.

Өзбекстандагы мажбур эмгек күчүн колдонууга каршы ишин жүргүзүп келген Cotton Campaign уюмунун эсептөөсүнө ылайык, өткөн жылы пахта теримге бир миллиондон ашуун мамлекеттик ишкана кызматкерлери мобилизацияланган. Уюмдун өкүлү Мэтью Фишер Дали шыпаагерлердин пахта жыйымга мажбур тартылышы алардын эмгек укугун бузат деп эсептейт:

- Өзбекстанда жыл сайын жүз миңдеген мугалимдер, дарыгерлер жана башка бюджеттик ишканалардын кызматкерлери ишке мажбур чыгууга аргасыз. Антпесе иштен айдалып кетиши мүмкүн. Пахта кампаниясына жакшы катышпагандар айлыгынан да ажырап жатышат. Бул кулчулуктун заманбап формасы.

Ал арада Ташкентте Эл аралык пахта жармаңкеси башталды. Жармаңкени утурлай өткөрүлгөн жыйында Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзиёев 2020-жылга чейин Өзбекстан пахтанын 70 пайызын өз күчү менен кайра иштетүүгө бет алганын билдирди.

“Өзбек жеңил өнөр жай” (“Ўзбекенгилсаноат”) бирикмесинин маалыматына ылайык, өлкө экспорт көз карандылыгынан чыгуу үчүн текстиль өнөр жайын модернизациялоого 2015-2020-жылдар аралыгында 1 миллиард АКШ доллар бөлмөкчү.

Учурда Өзбекстан өзү өндүргөн пахтанын 44 пайызын гана кайра иштетүүдө. Өлкөдө жыл сайын 3,5 миллион тонна пахтадан кеминде 1 миллион тонна пахта буласы алынат. Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө 6-орунда турат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG