Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Ак алтын же түшүм репрессиясы


Өзбекстандагы пахта талаасы
Өзбекстандагы пахта талаасы

Борбор Азиянын ак алтын эккен өлкөлөрүндө пахта терими кызуу жүрүп жатат.

Алардын арасынан пахтаны эң көп өндүргөн Өзбекстан быйыл эл аралык инспекторлорго теримчилердин иштөө шарты менен таанышуусуна биринчи жолу уруксат берди. Расмий Ташкент буга чейин пахта терими учурунда адамдарды, өзгөчө мектеп окуучуларын мажбурлап иштеткени үчүн сынга алынып келген.

Жыйым-терим маалы келгенине байланыштуу инспекторлор жашы жете элек балдарды пахта терүүгө тартууну тыкыр текшерет. Уюмдун өкүлү Ханс фон Рохланддын айтымында, миссиянын негизги максаты - өспүрүмдөрдү мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу боюнча Өзбекстандын милдеттемелерин көзөмөлдөө.

Өзбекстандагы пахтаны мажбурлап тердирүүгө каршы “Пахта кампаниясынын” өкүлү Мэтью Фишер-Дейли өзбек бийлигинин кадамын колдоого алды. "Бирок инспекторлорду өзбек расмийлери коштоп жүрөт жана анын өзү жарандардын инспекторлорго даттарын ачык-айкын айтууга тоскоолдук кылат”,- деп билдирди.

Нью-Йорктогу “Хьюман райтс уотч” уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Суердлоу да “Пахта кампаниясынын” оюна кошулаарын айтты.

Өзбекстанга инспекторлордун келишин Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флор да кубаттады:

- Акыркы эки жыл ичинде биз балдарды мажбурлап пахта тердирүүнү токтотуу маселесинде анча-мынча жакшы жылыштарды байкадык. Башында Өзбекстандын кээ бир аймактарында бул иш-аракеттер башталган. Кийинчерээк башка аймактарга да таркады. Бирок бул иш-аракет 16 жашка чейинкилерди гана камтыйт.

Көптөгөн далилдерге карабай, Өзбекстан жашы жете электерди күчтөп пахта терүүгө тартканын моюнга албай келет. “Пахта кампаниясы” билдиргендей, “жыл сайын миллиондон ашык балдар, мугалимдер, кызматкерлер жана менчик ишканалардын жумушчулары үрөй учурарлык шарттарда пахта терүүгө мажбурланат. Каршылык көрсөткөндөр окуусунан же жумушунан айдалат”.

Ошол эле маалда дүйнөдөгү жүздөн ашык кийим тигүүчү фирма бойкот жарыялап, Өзбекстандын пахтасынан жасалган продукцияны алууну токтоткон. Андан тышкары, мажбурлап пахта тердирүүнү ашкерелеген компьютердик оюн да иштелип чыккан. Буга карабастан пахта Өзбекстандын негизиги экспорт кирешеси бойдон калууда. Өзбекстан 2011-жылы дүйнөдө пахта өстүрүү боюнча алтынчы жана аны экспорттоо боюнча бешинчи орундарды ээлеген жана ал жылдары экспорт кирешесинин 11.3% түзгөн.

Пахта терүү учурунда жумушчуларга эч кандай шарт түзүлбөйт. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, ушул ай ичи талаа жумуштарында үч адам өлдү.

Анын бири - бала. Бухара облусунун Вобкент районунда алты жаштагы бала пахтага тумчугуп жан берди. Райондун укук коргоо мекемесинен маалымдашкандай, 15-сентябрь күнү ал апасы менен пахта теримине чыккан. Катуу чарчаганда трактордун прицебине чыгып уктап калган. Аны байкабаган теримчилер үстүнө пахта жүктөй берген. Окуя райондун Нарчок айылында болгон. Каза болгон Амирбек Рахматов 2007-жылы туулган. Тестиер быйыл мектептин 1-классына барган.

Кайгылуу окуянын бири Кашкар-Дарыя облусунда катталган. Нышан районунун пахта талааларынын биринде Каршы мамлекеттик университетинин үч студенти бычакталып, бир көз жумган. Алардын канына 1990-жылы туулган, тарых факультетинин 2-курсунун студенти Акрам Оролов забын болгон. Оролов бул кылмышка чоң курстун студенттери өздөрүнүн пахта терүү боюнча планын аткарып берүүгө мажбурлагандан улам барганын айткан. Натыйжада, Казым Омонов жеринде набыт кетип, Самандар Нурматов жана Зафар Токтоев ооруканага жеткирилген.

Ушул эле облуста, 9-сентябрь күнү Каршы шаарындагы Хилал айыл чарба колледжинин 2-курсунун студенти, 1996-жылы туулган Мухлиса Ражабова талаа жумуштары учурунда байкоосуздан ток зымына урунуп ажал тапкан.

Өзбекстандагы окуучуларды жана студенттерди мажбурлап пахта тердирүү жана мунун кесепеттери эл аралык коомчулуктун көз кырында.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флор буга мындайча токтолду:

- Өзбекстанда жана Орто Азияда пахтаны жашы жете элек балдарга тердирүү бар экенин моюнга алыш керек. Бул канга сиңип кеткен эски көрүнүш. Эл аралык эмгек уюму менен Өзбекстандын кызматташуу жана Евробиримдик менен Өзбекстандын диалогу алкагында бул маселеге тыкыр көңүл буруу керек.

Ал эми эл аралык “Пахта кампаниясы” кыймылынын Өзбекстандагы өкүлү жана белгилүү укук коргоочу Умида Ниёзова:

- Балдар укуктары конвенциясына ылайык, 16 жашка чейинкилер жаш бала болуп саналат. Чоң болсо да, мажбурап иштеткен мыйзамга жатпайт. Бул - Өзбекстандын Эмгек кодексин жана эл аралык конвенцияларды бузууга жатат.

Адатта Өзбекстанда студенттер пахта терүүгө өз ыктыярлары менен барганы тууралуу тил катка кол коюуга да мажбурланат. Мындайча айтканда, тил кат пахта терүү учурунда бир нерсе болсо, ага студенттер өздөрү гана жоопкер экенин жана ага бийликтердин тиешеси жоктугун билдирет. Ар жылы он чакты студент пахта жыйноо учурунда каза табат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG