Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Ак алтындын баркы кетти


Быйыл пахтанын баасы арзан болуп, пахтакерлер сарптаган каражаты менен мээнети акталбай калганына нааразы.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Шайлоо Баяманов - Айыл чарба министрлигинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы, Ноокендеги “Кенч” кооперативинин башчысы, пахтакер Акыбай Сооронбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров.

“Азаттык”: Шайлоо мырза, быйыл пахта баасынын арзан болуп жатышынын себеби эмнеде?

Шайлоо Баяманов: Пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы баага байланыштуу. Анткени мурунку жылдан калдыктар көп калды, мындан тышкары керектөө азайды. Ошондон улам быйылкы жаңы пахтага суроо-талап жок. Ошондуктан былтыртан бери пахтанын дүйнөлүк баасы төмөндөп жатат. Кыргызстанда пахта өтө аз айдалат, ошондуктан биздин өлкө пахтанын дүйнөлүк баасына таасир эте албайт.

“Азаттык”: Акыбай мырза, пахтанын арзан болуп жатканын пахтакерлер өздөрү эмнеден көрүп атышат?

Акыбай Сооронбаев: Дүйнөлүк баанын төмөн болуп жатканы туура. Бирок биз дайыма эле чийки продукция сатуу менен гана чектелип келатабыз. Анткени чийки продукция дайыма арзан болот. Бизде кайра иштетүүнү тереңдетүү боюнча сөз болгону менен эч ишке ашпай келатат. Бирок ошол чийки продукцияны сатканда да пайда көргөн ортомчулар бар, алар дыйкандардан алып, заводго алып барып иштеткен күндө да бир топ эле пайдага туйтунуп атышат.

Эгер жыл өткөн сайын пахтакерлерге пахтадан пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, алардын мээнети күйө берсе, барып-барып пахта таптакыр айдалбай калат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мирлан мырза, бул маселени парламентте көтөрүп, кайра иштетүү үчүн инвестор тартуу жолдорун издөөгө мүмкүнчүлүк барбы?

Мирлан Бакиров: Дыйкандардын нааразылыгы эң туура. Анткени жыл өткөн сайын жер иштетүү кымбатка туруп жатат. Аларга өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулган жок.

Айыл чарба министрлигинин бюджети 1 млрд. сом, анын жарымы эле ошондо иштегендердин айлык акысына кетет. Ошол министрликте иштегендер алдын ала мониторинг жүргүзүп, анализ кылып, “быйыл бул эгинди айдагыла, бул эгинди сеппей эле койгула” деп сунуш кылып, багыт бериши керек.

Мен АКШда болуп келдим, ал жерде өкмөт дыйкандар өндүргөн азыкты сатып алат, баасы төмөн түшүп кетсе аларды компенсациялап берет. Биздин өлкө агрардык өлкө, 65-70% айыл чарбасынан көз каранды, ошондуктан баары бир айыл чарбасын көтөрүүнүн жолдорун издешибиз керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG