Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Өкмөт эки аткаминерге сөгүш жарыялап, алтооно эскертүү берди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты аткарууда жакшы жыйынтыктарды көрсөтө албаган бир катар мекемелердин жетекчилери тартиптик жазага тартылды. Мындай чечим өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Ага ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, юстиция министри Уран Ахметовго, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге эскертүү берилди.

Премьер-министр Сапар Исаков "коррупция көп" деген нааразы пикирлерге байланыштуу жана "экинчи жолу сөгүш алып жатат" деген негизде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровду да иштен алууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG