Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Сириянын Чыгыш Гута аймагында чабуулдар токтой элек


Чыгыш Гутадагы чабуулдан кийинки куткаруу. 22-февраль, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадагы чабуулдан кийинки куткаруу. 22-февраль, 2018-жыл.

Сирия өкмөтүнүн жана анын өнөктөштөрүнүн аскер учактары бешинчи күнү да Чыгыш Гута аймагына сокку урду. Адам укуктарына байкоо салган "Сирия обсерваториясы" 22-февралда эле Чыгыш Гутага 300 снаряд атылып, 13 киши өлгөнүн, жарадарлар жүздөн ашып кеткенин билдирди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш аймактагы эл "тирүүлөй тозокто" жашап жатканын айтып, бардык аскердик аракеттерди тез арада токтотууга чакырды. Бул пикирди уюмдун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура да кайталады:

- Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде тез арада ок атышууну токтотуу тууралуу резолюция кабыл алышыбыз керек. Атышууну токтотуп, гуманитардык мүмкүнчүлүк ачуудан башка жол жок.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Евробиримдикти зомбулукту токтотуш үчүн Орусия менен Иранга басымды жандандырууга чакырды.

- Режим террористтерге эмес, өз элине каршы күрөшүп, балдарды өлтүрүп, ооруканаларды талкалоодо. Бул киши өлтүрүүлөр жоопко тартылышы керек, - деди Меркель. Сирия президенти Башар Асадга колдоо көрсөтүп жаткан Иран менен Орусия да буга өзгөчө жооп берерин немис канцлери баса белгиледи.

Москва болсо Чыгыш Гутадагы окуяларга жоопкер эмес экенин билдирүүдө.

- Террорчуларды колдоп жаткандар жоопкерчилик тартышат. Орусия да, Сирия да, Иран да бул категорияга кирбейт. Анткени алар Сириядагы террористтерге каршы согушууда, - деди президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутада өкмөттүк күчтөрдүн бомбалоосунан соңку төрт күндө 300 жайкын тургун мерт болгону такталды. Набыт болгондордун кеминде алтымышы балдар.

XS
SM
MD
LG