Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Кара-Сууда тамактан ууланган дагы бир бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып, ооруканага түшкөн наристелердин дагы бирөө чарчап калды. Ош облустук балдар ооруканасынын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиргендей, 21-февралда түн ичинде чарчап калган бала эки жашта болчу.

Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки киши 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары айтышкан.

17-февралда тамактан ууланган эки жарым жашар бала чарчап калган. Учурда Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө беш киши, реанимацияда үч киши дарыланып жатат. Алардын абалы жакшы. Ал эми үч бала Ош облустук ооруканасында.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга "тамак-аштан ууланган" деген диагноз коюлганын кабарлаган. (MdN)

XS
SM
MD
LG