Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Подгорицадагы АКШ элчилигине кол салган адамдын аты аталды


Черногориядагы АКШ элчилиги
Черногориядагы АКШ элчилиги

22-февралдын түнүндө Черногория борборундагы АКШ элчилигине граната ыргыткан адамдын тек-жайы аныкталды. Жергиликтүү прокуратура жана полиция шектүү 1976-жылы Сербияда туулган Далибор Яукович деп маалымат таратты.

Тергөөчүлөр ал киши "жарылма куралды иштеткенден, аны элчилик тарапка ыргыткандан кийин жарылуудан өлгөн" деп болжолдоодо. Ал М75 үлгүсүндөгү гранатаны жардырган. Ошол аймакта жашагандар эки жарылуунун үнүн угушканын жергиликтүү медиа кабарлады. Өлкөдөгү негизги басылмалардын бири Vijesti шектүү мурда аскер кызматкери болгонун жазып чыкты. Бул маалымат расмий ырастала элек.

АКШ жана Черногория бийликтери элчиликтен эч ким жаракат албаганын, элчилик имараты жабыркабаганын билдиришти.

Бийликтер чабуулга эмне түрткү бергени азырынча белгисиз деп жатышат.

XS
SM
MD
LG