Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ошто кармалган өзбек укук коргоочу эркиндикке чыкты


Исраил Халдаров абактан чыккандан кийин тартылган сүрөт.
Исраил Халдаров абактан чыккандан кийин тартылган сүрөт.

21-февралда өзбекстандык укук коргоочу, активист Исраил Халдаров абактан чыкты. Ал ушул эле күнү үйүнө келгенин "Азаттыктын" өзбек кызматына анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов кабарлады.

Халдаров 2003-жылдан тарта оппозициялык "Эрк" партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн да жетектеген. 2005-жылдын 13-майындагы кандуу окуядан кийин ал шаардагы чыныгы абал тууралуу коомчулукка маалымат жеткирип турган. Анын ичинде Бабур аянтында өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн жайды да айтып берген.

Ошол окуядан соң өлкөдө оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар жапырт кармала баштаганда Исраил Халдаров Кыргызстанга чыгып кетип, 2006-жылдын 10-июлунда дайынсыз жоголгон.

Расмий маалыматта ал 2006-жылы 7-сентябрда Коопсуздук кызматынын Анжияндагы бөлүмүнө келип, колго түшүп берген деп айтылган. Бирок жанында жүргөндөр жана укук коргоочулар Халдаров 2006-жылдын 10-июлунда Оштон кармалып, Өзбекстанга уурдалып кеткенин ырасташкан.

- Эч кандай өзү барган эмес. Кыргызстандын 9-бөлүмүндөгүлөр (Ички иштер министрлиги) анын ар бир кадамын аңдып жүрүшкөн. Биз Ошто бир кафени ижарага алып иштетчүбүз. Ошондо ар күнү келип, «Исраилжан ака, ажайып жигитсиз да» деп бир капитан жана бир майор айланчыктап жүргөн. Акыры кармап, Өзбекстанга сатып жиберишти​, - дейт ал маалда укук коргоочу менен Ошто бирге жүргөн Абдужалил Рустамов.

Мекенинде ал Анжиян окуяларына катышкан деп бир нече берене менен айыпталып, алты жылга кесилген. 2012-жылы, 2015-жылы жаза мөөнөтү үч жылдан узартылган.

67 жаштагы Исраил Халдаров абактан чыккандан кийин Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге, эл аралык укук коргоо уюмдарына ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG