Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Орусияда теракт аракетине айыпталган тажикстандыктар соттолду


Люберцыдагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын бири. (Сүрөттүн окуяга тиешеси жок)
Люберцыдагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын бири. (Сүрөттүн окуяга тиешеси жок)

Москванын аймактык аскер соту Тажикстандын алты жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Алар 2016-жылдын августунда борборго жакын Люберцы шаарында кичиавтобусту жардырууга аракет кылган деп айыпталды.

Тергөө алардын баары өзүн "Ислам мамлекети" атаган топтун мүчөлөрү деп билдирген. "Ал уюмга кирүү үчүн аларга теракт уюштуруу сунушталган", деп билдирди соттун маалымат кызматы.

Ошондон кийин алар кичиавтобусту жардырууну чечип, челекке салынган жардыргыч затты таштап кетишкен делет. Бирок жүргүнчүлөр челекти көрүп калышып, жарылуу болгон эмес.

Сотто айыпталуучулардын төртөө күнөөсүн толук, экөө жарым-жартылай мойнуна алганы айтылды.

XS
SM
MD
LG